Манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгы Ысык-Көлдүн тескей жээгинде белгилене баштады. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан 20 манасчы чакырылган.
Алар үч күн жана үч түн үзгүлтүксүз "Манас" айтып, эпос тууралуу кеп курушат. Бул маалыматты өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы берди. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө эки китептин бет ачары болот. Анын бири орус тилиндеги "Код вечности в феномене Манасчы" деген аталыштагы Саякбай Каралаевди көрүп, аны менен замандаш болуп калгандардын эскерүүсү жазылган китеп.
Экинчиси "Манас" эпосунун үчилтигинин бири болгон "Семетей" котормосу. Мамлекеттик деңгээлде манасчынын 125 жылдыгы Бишкекте улуттук филармонияда өтөт. (KS)