Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

Башкы прокуратура: Атамбаев дагы эки кылмыш иши боюнча шектелүүдө


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Аскер прокуратурасынын тергөө тобу 15-августта УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дагы эки кылмыш иши боюнча шектүү катары маалымдама тапшырды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, Атамбаев Жазык кодексинин “Кылмышка аралашуу” жана “Коррупция” (43-берененин 2-бөлүгү, 319-берененин 1-бөлүгү) беренелери боюнча айыпталууда.

Маалыматка караганда, айрым мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкелеринин мыйзамга каршы аракеттеринин натыйжасында Атамбаев Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы “ТНК Дастандын” мыйзамсыз алган жерин дагы 2,7 гектарга кеңейткен. Ошону менен катар стратегиялык объектке кирген жерди алуу үчүн Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов жана башка жооптуу кызматкерлер менен туруктуу коррупциялык топ түзгөн.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча күбө катары үч жолу суракка чакырылып, бирок ал барган эмес. Ал Кой-Ташта 7-8-августтагы Атамбаевди кармоо операциялары учурунда сүйлөшүүлөрдөн кийин колго түшкөн.

13-августта башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаевге Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренелери боюнча маалымдама берилгенин билдирген. Бүгүн Атамбаевге Жылуулук электр борборун модернизациялоо жана «Форум» ишканасына байланыштуу дагы эки кылмыш иши боюнча маалымдама берилген.

Аскер прокуратурасы 14-августта дагы эки иш, Кой-Таштагы үйү, жерине байланыштуу шектүү катары маалымадама тапшырган.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 16-августта Атамбаевдин бөгөт чарасын УКМКнын имаратында карап, 26-августка чейин абакта калтырган чечим чыгарды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG