Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Ысык-Көл районунда катуу сел чоң жолду жууп кетти


Сел каптап кеткен үй.
Сел каптап кеткен үй.

Тоо боорунан агып түшкөн жаандын суулары Чырпыкты айылындагы 9 үйдүн короосун каптап кетти. Андан тышкары Кош-Көл айылындагы чоң жолдун жээгин суу жууп кеткен.

Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиевдин маалыматына караганда, бүгүн таңкы саат 04:30дан бери калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Район башчысынын айтымында, жеринде жол тейлөө кызматы, айыл өкмөт кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери, жергиликтүү тургундар жана райондук администрациянын кызматкерлери иштеп жатат. Алар суунун нугун анча чоң эмес каналга буруу аракетин көрүшүүдө. (KS)

XS
SM
MD
LG