Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Автоунааларды мажбурлап эвакуациялоо иши жандандырылды


Автоунааны эвакуациялоо учуру. Бишкек.
Автоунааны эвакуациялоо учуру. Бишкек.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы 15-августтан тарта тыюу салынган жерге жана жолдо жүрүүгө тоскоолдук жаратып токтотулган автоунааларды мажбурлап эвакуациялоо иштерин жандандырды.

Бул иштер өкмөттүн 2017-жылдагы «Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду колдонуу» боюнча токтомунун негизинде ишке ашырылат.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тараткан маалыматка караганда, айдоочу машинесин тыюу салынган жерге токтотуп же автоунаасы авариялык абалга алып келген учурларда машине айып аянтчасына эвакуаторлор менен жеткирилет. Ошондой эле Бузуулар жөнүндө кодекс боюнча протоколдор толтурулуп, 3000 сом айып салынат.

Эвакуатордун кызмат акысы (1250 сом) айдоочунун эсебинен төлөнөт жана буга чейин «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында орнотулган камераларга жол эрежесин бузуп катталган болсо, автоунаасы айыппулду төлөгөндөн кийин гана ээсине кайтарылат.

Автоунааны мажбурлап эвакуациялоо төмөнкү жерлерге токтоп жана туруу эрежесин бузганда ишке ашырылат:

- темир жол өтмөгүндө, тоннелдерде;

- тротуарларда, веложолдордо;

- эстакадаларда, көпүрөлөрдө, жол өткөөлдөрүндө (эгерде бул багытта жүрүү үчүн үч тилке бар болсо) жана алардын алдында;

- жол чийиндин үзгүлтүксүз линиясы менен (транспорт жүрүүчү бөлүктүн четин белгилөөчү сызыктан тышкары) токтогон транспорт каражатынын ортосундагы аралык үч метрден аз болгон жерлерде;

- жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерлерде жана аларга чейин беш метрден жакын болгон аралыкта;

- токтоочу аянтчаларга, ал эми алар жок болгон учурда - маршруттук транспорт каражаттары же такси токтой тургандыгын көрсөтүүчү белгиден 15 метрден жакын болгон аралыкта, эгерде бул алардын кыймылына тоскоолдук кылса;

- транспорт каражаты башка транспорт каражаттарынын кыймылына (кирүүсүнө же чыгуусуна) мүмкүндүк бербеген же жөө жүргөндөрдүн кыймылына тоскоолдук жараткан жерлерде. (BTo)

XS
SM
MD
LG