Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

Карамушкина: КСДП «Форумдагы» кеңсесинде иштеп жатат


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина «Азаттыкка» комментарий берип жатып билдирди.

Ал КСДП Кыргызстандын «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамына ылайык иш жүргүзөрүн жана «Медиа Форум» ишканасында жайгашкан кеңсесинде иштей турганын айтты.

«КСДП «Медиа Форум» ишканасынан кеңсени ижарага алып иштейт. «Форум» камакка коюлуп, Алмазбек Атамбаевге карата иликтөө иштери жүрүп жатканы менен партиянын кеңсесин камакка коё алышпайт. Ошондуктан биз кечээ «Форумга» бардык жана бизге кеңсе беришти. Биз бекитилбеген бөлмөлөрдө иштей беребиз», - деди Карамушкина.

Ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев буга чейин эле партиядан чыкканын, анын ордуна төраганын милдетин аткаруучу болуп Асел Кодуранова шайланганын эске салды. Ушундан улам «Форум» ишканасынын камакка коёлушу КСДПнын ишине кедергисин тийгизбеши керек экенин белгиледи.

9-август күнү кечинде Ички иштер министрлиги соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн камакка койгон.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти «Апрель» каналы оор кылмышка шектүү адамдын мүлкү катары камакка коюлганын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG