Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:02

Аскаров: аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн акчаны туура пайдаланыш керек


Замирбек Аскаров.
Замирбек Аскаров.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров кыргыз өкмөтү тарабынан аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд. сом негиздүү пайдаланылышы керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал инвестициялык ишкерлик долбоорлорду, инфратүзүмдүк жана өнүгүү программаларын тандоо боюнча комиссиянын жыйынында айтты.

Сынак комиссиясынын катчылыгы долбоорлорду тандоодо жумуш орундарын түзүү боюнча сунуштарга артыкчылык берилерин белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялаган. Ага ылайык, быйыл аймактагы ишкерликти өнүктүрүш үчүн жагымдуу шарт түзүү маселесине өзгөчө көңүл бурулары айтылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG