Жети-Өгүз районунун акими Мурат Раматов кар 17-августта жааганын маалымдады. Анын айтымында, акыркы күндөрү аба ырайы өзгөргөнүнө байланыштуу райондун сырт өрөөнүндө, тактап айтканда Кызыл-Эшме жайлоосуна, Сөөк ашуусуна 10 сантиметрден ашык кар түштү.
Ал эми Арабел жайлоосуна түшкөн кардын калыңдыгы 10-15 сантиметрге жеткен. Мурат Раматов чабандардын малы аман экенин кошумчалады.
«Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин район боюнча адистери бар, алар абалды көзөмөлгө алышкан. Эң башкысы - мындай учурда чабандардын жандыктары суукта түгөл болушу керек. Сырт өрөөнүндө негизи эле аба ырайы катаал, бат-баттан абанын температурасы өзгөрүп турат. Бирок бул көп жылдан бери биринчи жолу болуп жатат», - деди Мурат Раматов. (KS)