17-август күнү кечинде кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Жидда-Бишкек багыты боюнча Бишкек шаарына келди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Мекке шаарындагы Жидда аба майданынан учкан 400 ажы Кыргызстандын «Манас» эл аралык аэропортуна конду. Ажылардын алгачкы тобун Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилери тосуп алышты.
17-августтан тартып 1-сентябрга чейин кыргызстандык ажылар Жидда-Бишкек, Жидда-Ош жана Медина-Ош багыттары боюнча Кыргызстанга кайтып келишет. Жалпысынан 18 каттам уюштурулган.
Сауд Арабиясы 2019-жылы ажылыкка барыш үчүн кыргызстандыктарга 6010 квота бөлүп берген. Зыяраттын баасы бир кишиге 3000 доллар болду. (BTo)