Москва шаардык кеңешине шайлоодо талапкер катары катталбай калган саясатчы Илья Яшин убактылуу камактан чыгып баратканда кайрадан кармалды. Ал Москвадагы атайын жайда үчүнчү административдик камак жазасын өтөп, 18-августта чыгып бараткан эле.
Яшин өзү «Твиттерге» жайгаштырган видеодо полиция кызматкери аны «18-, 19-августтагы макулдашылбаган акцияларга элди чакырганы үчүн» кармашканын айтып жатат.
Акыркы бир айда Яшинди макулдашпастан туруп элди митингге чакыруу үчүн айыптап үч ирет административдик камакка алышкан.
Мурдараак ушундай эле айыптоолор менен убактылуу камак мөөнөтүн өтөп чыгып бараткан жеринен башка да каттоодон четтетилген Константин Янкаускас менен Юлия Галямина кайрадан абакка киргизилген. Башка бир саясатчы Любовь Соболго бир нече ирет ири өлчөмдө акчалай айыппул салынган.
Өз алдынча же оппозициячыл маанайдагы саясатчыларды каттоону талап кылып Москвада бир нече жумадан бери миңдеген киши катышкан митингдер, жүрүштөр өтүүдө.