Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:02

Ооганстандагы жардырууну «Ислам мамлекети» мойнуна алды


«Дубай-Сити» үлпөт үйү жардыруудан кийин.
«Дубай-Сити» үлпөт үйү жардыруудан кийин.

Кабулдагы жардыруу үчүн өзүн «Ислам мамлекети» деп атаган террор тобунун Ооганстандагы бөлүмү жоопкерчилик алды. 17-августтун кечиндеги үйлөнүү үлпөт учурундагы кол салуудан мерт болгондор 63 кишиге жетти. Арасында аялдар жана балдар да бар. 183 адам түрдүү деңгээлде жаракат алды.

Бриккен Улуттар Уюму «Дубай-Сити» үлпөт залындагы жардырууну Ооганстандагы шииттерге каршы жасалган «тири шумдук» зомбулук деп сынга алды.

Мындан тышкары кыргынга байланыштуу АКШнын Кабулдагы элчилиги баштаган эл аралык уюмдар билдирүү жасашты.

Ооган президенти Ашраф Гани коопсуздук системасындагы мындай өксүктү талдоо жана ага жол бербеш үчүн чукул жыйын чакырганын билдирди.

Бул жардыруу - акыркы жылдарда Ооганстандын тарыхында тынч жарандарга каршы кандуу чабуулдардын бири.

Жардырууну «Талибан» кыймылы да сынга алды. Өкмөт менен 18 жылдан бери кармашып келаткан бул куралдуу кыймыл негизинен аскердик же мамлекеттик мекемелерге чабуул коет.

XS
SM
MD
LG