Линктер

жекшемби, 15-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:16

Пакистанда төрт жашар баланы жоктогондор полиция кеңсесин өрттөштү


Лакки Марват районундагы нааразылык акциясынын катышуучулары. 18-август, 2019-жыл.

18-августта Пакистандын Хайбер-Пахтуңва облусунда нааразылыкка чыккан жергиликтүү тургундар полициянын иш кеңсесин өрттөп салышты. Лакки Марват районунун жашоочулары төрт жашар баланы өлтүргөн кылмышкерди таппай жатканы үчүн тартип сакчыларына нааразы.

Жаалданган адамдар облус борбору Пешаварды түштүктөгү райондор менен байланыштырган негизги кан жолду да бөгөп алышты.

Төрт жашар Оваистин сөөгү ишембиде табылган. Наристе бир ай мурда, үйүнүн жанында ойноп отурганда уурдалып кеткен деп изделип жаткан. Аны өлтүрүүгө эмне себеп болгону али белгисиз.

Райондук полициянын башчысы Касим Али Хан элди тынчтанууга чакырды. Ал «полиция жөндөмсүз» деген дооматтарды четке кагып, баланы табыш үчүн «колдон келгенин кылышканын» билдирди.

Жыл башында борбор Исламабадда он жашар кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү көчө жүрүштөрүн пайда кылган. Балдар коопсуздугу жетиштүү корголбой жатканы тууралуу сын пикирлер бүтүндөй өлкө боюнча айтылган эле. Укук коргоочулар Пакистанда көп учурда балдарга каршы кылмыш кылгандар жазаланбай каларын белгилешет.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG