Линктер

дүйшөмбү, 23-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:12

Исландияда 7 кылымдык мөңгү эрип кетти


Окйокулл мөңгүсү менен коштошкону бараткандар. 18-август, 2019-жыл.

Исландиянын премьер-министри баштаган аткаминерлер жана жаратылышты коргоого үндөп келген активисттер жекшембиде Окйокулл мөңгүсү менен кош айтышты. 700 жылдык муз тоо толук эрип жоголгону расмий жарыяланды.

Тоо башына чогулгандар климаттын өзгөрүп, абанын улам ысып баратканын белгилеп, буга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырышты.

Мөңгү эрип кеткен жерге, таш бетине атайын тактайча бекитилди. Анда келечек муун үчүн билдирүү жазылган. Анда:

«Жакынкы 200 жылда бардык мөңгүлөрүбүздү ушул тагдыр күтүп турат. Бул эстелик эмне болуп жатканын билерибизди жана аны ишке ашырыш үчүн эмне кылышыбыз керек экенин эскертип туруш үчүн орнотулду» деген мазмундагы жазуу бар.

Исландиянын өкмөт башчысы Катрин Якобсдоттир келаткан шейшембиде Жер шарынын түндүгүндөгү өлкөлөр жана Германиянын канцлери Рейкьявикке чогуларын белгиледи. Ошондо климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш маселесин кабыргасынан коюуга убада берди.

XS
SM
MD
LG