Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Калкты документтештирүү боюнча улуттук өнөктүк өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү калкты документтештирүү боюнча улуттук өнөктүк өткөрөт. Анын алкагында 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарандар балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышат. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, учурда 1200дөй баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. БУУ Балдар фонду менен чогуу пландаштырган бул өнөктүктүн максаты – өлкөдө «көрүнбөгөн», документи жок балдардын болушуна жол бербөө.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Юстиция министрлигине Тартип бузуу жөнүндө кодекстин документ алууга байланыштуу 275-беренесин («Баланын төрөлгөндүгүн каттоо мөөнөттөрүн бузуу») алып салуу мүмкүнчүлүгүн кароону ушул багытта өткөн кеңешмеде сунуш кылды. Өкмөт өкүлү ата-энелер балдарын бала бакчаларга орноштуруу, жөлөкпул алуу үчүн документ алууга кызыкчылыгы бар экенин кошумчалады.

Саламаттык сактоо министрлигине төрөт үйлөрүнө кош бойлуу аял документи жок түшсө, ал тууралуу маалыматты базадан табуу жана ыкчам түрдө балага документтерди даярдоо үчүн тиешелүү органдарга маалымат берүү тапшырылды. Бул үчүн «Түндүк» мекеме аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумун колдонууга болот.

Быйыл жыл башында Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) уюштурган «Көрүнбөгөн балдар» акциясында Кыргызстанда беш жашка чейинки курактагы балдардын 18 миңи катталбаганы айтылган.

Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматына караганда, Кыргызстанда 18 жашка чейинкилердин саны 2 млн. 263 миңдин тегерегинде. Алардын 47% жети жашка чыга элек балдар жана кыздар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG