Бишкектин четиндеги он жаңы конушта аялдардын укуктук сабаттуулугун арттыруу боюнча окуулар өттү. Долбоорду ишке ашырган «Аялдарды коргоо борбору» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Бакен Досалиеванын «Азаттыкка» айтканы боюнча, мындай окуулар зомбулукка кабылган аялдар өз окуясы тууралуу ачык айтып чыгышына түрткү берип жатат.
- Бирок Жоруктар тууралуу жаңы кодексте үй-бүлөдө күйөөсү аялына кол көтөрүп милицияга түшкөн учурда мурдагыдай 15 суткага камоонун ордуна болгону үч саат кармалып жатканы зомбулукту кайра күчөтүп жатат, - дейт Демократиялык процесстерди иликтөө борборунун адиси Гүлбарчын Жумабаева.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, республика боюнча 540 аялдар кеңеши иш алып барат. Ага эки жарым миңден ашуун аялдар мүчө. Алар ыктыярдуу түрдө аялдардын укугун коргоо багытында иштеп келишет.
«Аялдар демократиялык тармагы» коомдук фондунун иликтөөсү көрсөткөндөй, үй-бүлөдөгү зомбулуктан каза болгондор жана жабыркагандар жыл сайын көбөйүүдө. 2016-жылы 16 аял каза болуп, 176сы жаракат алган. Ал эми 2017-жылы 13 аял каза болуп, 189у жабыр тарткан.
Жыл башында адам укуктарын коргоо боюнча иш алып барган «Human Rights Watch» уюмунун баяндамасы жарык көргөн. Анда 2018-жылы Кыргызстанда адам укуктары жаатында тынчсыздануу жараткан көптөгөн жагдайлар кала бергени айтылган. Алсак, аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун азайбаганы, кыйноо үчүн жоопкерчиликсиз мамиле, экстремизм боюнча шек саналган жарандардын укуктарынын бузулушу дагы эле кездешип жатканы белгиленген. (КЕ/SA)