Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Алтай элдеринин VIII эл аралык симпозиуму башталды. «Мурас» фондунун жетекчиси Кыяс Молдокасымовдун айтымында, илимий жыйынга ондон ашык өлкөдөн эки жүздөй окумуштуу катышып жатат.
«Алтай элдеринин симпозиуму» деген аталыш менен уюштурулуп келе жаткан илимий шерине быйыл сегизинчи жыл өтүүдө. Бул жолку отурумдун темасы «Алтай элдери: Мал чарбачылык цивилизациясы». Илимий жыйын 23-августка чейин Чолпон-Ата шаарында улантылат.
Кыргызстанда буга чейин да ар кыл Алтай таануу жыйындары өтүп келген. 2018-жылы Алтай таануу боюнча эл аралык туруктуу жыйындын (ПИАК) 61-отуруму уюшулган. (ZA)