Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

УКМК: Сапар Исаковдун абалы канааттандырарлык


Сапар Исаков. Архивдик сүрөт.
Сапар Исаков. Архивдик сүрөт.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун айтымында, ал "күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тиешелүү дарылануу алып жатат".

УКМКнын Тергөө абагында отурган Исаков ооруканага которулганы 16-августта белгилүү болгон. Атайын кызмат ага “кыр арка артериясынын синдрому” деген диагноз коюлганын билдирген.

Исаковдун жакындары аны менен жолугуп, абалын көрүүгө мүмкүнчүлүк ала албай жатканын айтууда.

Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү жемкорлукка тиешеси бар деп, 2018-жылы камалган. Кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG