Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Садыр Жапаров боюнча чечим өзгөрүүсүз калды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Чүй облустук соту камактагы саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров боюнча райондук соттун чечимин өзгөрүүсүз калтырды. Өз чечимин сот мунапыс тууралуу мыйзам менен негиздеди.

Быйыл 16-июлда Аламүдүн райондук соту Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Жапаровдун жаза мөөнөтүн мунапыска байланыштуу кыскартуу тууралуу сунушун «алты айлык мөөнөт өтүп кетти» деген негизде кабыл алган эмес. Адвокаттар биринчи инстанциянын чечимине каршы облустук сотко арыз жазган.

Бүгүнкү чечимди адвокат Шарабидин Токтосунов мыйзамсыз деп атады:

- Албетте, мыйзамсыз. Биз Жогорку сотко даттанабыз. Соттор мыйзамсыз чечимдерин улантууда.

ЖАМК Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-сентябрында бүтөрүн, ага мунапыс берилсе абактагы мөөнөтүн 2023-жылга чейин кыскартууга болорун билдирген.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган. (BTo)

XS
SM
MD
LG