Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Аскар Акаев: Кызым мекенине туугандарга жолукканы барды


Бермет Акаева. 25-апрель, 2006-жыл.
Бермет Акаева. 25-апрель, 2006-жыл.

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев кызы Бермет Акаева Кыргызстанга келгенин ырастады.

«Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып ал «эч кандай башка максаты жок. Ал туугандар менен көрүшкөнү гана барды» деп түшүндүрдү.

Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылы башкарган. Ал элдик толкундоолордон кийин үй-бүлөсү менен өлкөдөн кетүүгө мажбур болуп, Москвада жашап калган.

Бермет Акаева 2005-жылы парламентке депутат болгон. Кийин 2007-жылы да шайлоого катышууга аракет кылган. Ошондон бери чет өлкөдө жашайт.

Ал «Манас» аэропортуна 19-августта Москва-Бишкек каттамы менен учуп келгенин интернет-колдонуучулар жазып чыгышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG