Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Атайын кызмат Карамушкинанын жазганын «коомду алдоо» деп баалады


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинанын айткандарын «далилсиз маалымат жайылтуу аркылуу коомчулукту алдоо» деп баалады. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызмат ошондой эле жалган маалымат тараткандар мыйзамга ылайык жоопко тартыларын эскертти.

Карамушкина бүгүн «Фейсбуктагы» жеке баракчасына Кой-Таштагы окуялар учурунда күч кызматкерлеринин ур-токмогунан 24 жаштагы Курманбек уулу Миржан аттуу жигит каза болгону тууралуу кабар укканын жазган жана ошол күндөрү жабыркагандары коркпостон сотторго, эл аралык уюмдарга кайрылууга үндөгөн.

Курманжан уулу Миржан деген адам тууралуу эч кандай маалымат жок экенин Саламаттыкты сактоо министрлиги да билдирди. Мекеменин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова:

- Андай адам каза болду деген маалымат чындыкка жатпайт. Тизмелердин баарын карап чыктык. Медициналык жардамга кайрылгандар арасында да андай фамилия жок.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Учурда УКМКнын тергөө абагында. Ал ондон ашуун кылмышка байланыштуу шек саналууда.

7-8-августта аны Кой-Таштагы үйүнөн кармоо операциясы учурунда жүздөн ашуун адам жараат алганы, бир офицер каза тапканы расмий айтылган.

УКМКнын билдирүүсүнө Карамушкинадан жооп боло элек. (RK)

XS
SM
MD
LG