Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:11

«Коопсуз шаар»: Өкмөт 3000 сомдук айыппулду 1000 кылууга макул


Бишкек.
Бишкек.

Өкмөт Ички иштер министрлигинин жол эрежесин бузгандарга айыппулдун өлчөмүн азайтуу боюнча демилгесин колдойт. Бул тууралуу бүгүн мекеме аралык жумушчу топтун жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

Разаков айдоочулардан көптөгөн арыздар түшүп жатканын, эреже бузуунун сегиз түрү боюнча айыппулду азайтуу жөнүндө чечим колдоо тапканын айтты.

3000 сомдук айыппулду эми 1000 сом кылуу сунушталууда.

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында быйыл автожолдорго видеокөзөмөл орнотула баштады. Жол эрежесин бузган айдоочуларга түрдүү өлчөмдөгү айыппул каралган. (RK)

XS
SM
MD
LG