Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Орусиянын мектептеринде чөнтөк телефон колдонуу чектелиши мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Агартуу министрлиги орто мектептерде окуучуларга уюк телефон колдонууга чектөө киргизүүнү сунуш кылып жатат. Министрликтин сайтында тиешелүү мамлекеттик мекемелер буга байланыштуу сурамжылоолордун жыйынтыгын талдап-иликтеп чыгып, эл аралык тажрыйбаны эске алып атайын сунуштама даярдалганы айтылат.

Сурамжылоого ылайык, сабак болуп жатканда уюк телефон колдонууну чектөөнү окуучулардын 61 пайызы, ата-энелердин 89 пайызы, мугалимдердин дээрлик 90 пайызы колдогон. Окуучулардын теңинен көбү телефонду чектөөсүз колдонуу ден соолукка залакасын тийгизип, окуудан алаксытат деген жүйөгө макул болгон.

Өткөн айдын башында Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко мектептерде чөнтөк телефон колдонууга тыюу салыш керек экенин айтып чыккан.

Францияда 2018-жылдын сентябрь айынан тартып баштапкы жана орто мектептерде телефон колдонууга тыюу салынган. Европада көптөгөн мамлекеттерде окуучуларга сабак учурунда гаджеттерди колдонууга чектөө киргизилген.

XS
SM
MD
LG