Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:38

Самара: ууланган өзбекстандык мигранттарга Ташкенттен дарыгерлер барды


Самарада ууланган мигранттардын бири.
Самарада ууланган мигранттардын бири.

Орусиянын Самара облусунда ууланган өзбекстандык мигранттарга жардам бериш үчүн Ташкенттен Саламаттык сактоо министрлигинин башкы токсикологу Рустам Акалаев менен башкы гематологу Хамида Казакбаева барды.

Азыр облустук ооруканада Өзбекстандын 44 жараны жатат. Абалы өтө оор төрт адам Москва шаарындагы Гематология боюнча улуттук медициналык изилдөө борборуна которулган. Бир адам ооруканада каза болгон.

Өткөн айдын ортосунда Самарада иштеп жүргөн 69 өзбекстандык мигрант «белгисиз заттан» жапырт ууланган. Алар ошол учурда Кошелевка кыштагында мөмө-чөмө, жер-жемиштен шире даярдаган ишканада иштеп жатышкан. Кийинчерээк мигранттар мөмө-жемиштин уруктарын чычкан менен курт-кумурскадан сактоо максатында колдонула турган затка ууланганы аныкталган.

XS
SM
MD
LG