«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов учурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финполиция) сурак берип жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур билдирди.
Азырынча Финпол Өмүрбек Бабанов кайсы берене боюнча сурак берип жатканын тактай элек.
Быйыл апрелде «Кыргызстан» коммерциялык банкына байланыштуу кылмыш иштерин териштирүү жанданганы белгилүү болгон. Финансы полициясы 11-апрелде аталган банктын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары, Бабановдун жакын тууганы Жаныбек Мырзабаевди бир канча саат суракка алган. Бабановдун тарапкерлери бул жагдайды «каралоо», алардын лидерин өлкөгө келтирбөө аракети катары баалашкан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе мыйзам чегинде жоопко тартыларын 8-августта эскерткен.
УКМКнын маалыматына караганда, Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.
Бабанов 2017-жылдагы шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Шайлоодон кийин Москвага кеткен.
Ал Бишкекке Москвадан 9-августта учуп келди. Аэропортто чогулгандардын алдына чыгып сүйлөгөн кыска сөзүндө ал «мен дайыма мыйзам жолунда жүрөм» деп билдирген.
Президенттик шайлоо учурундагы теледебатта Сооронбай Жээнбеков Бабановго кайрылып, «президент болсом коррупция менен күрөштү сенден баштайм” деп айтканы коомчулукта катуу талкуу жараткан. (RK)