Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Казакстанда күйдүргү катталган айылга карантин жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда Саламаттык сактоо министрлиги күйдүргү (Сибирь жарасы) илдетине байланыштуу Акмоло облусундагы Ольгинка айылына карантин жарыяланганын маалымдады. Ушул тушта айылдын оозуна бекет орнотулуп, кирип-чыгууга чек коюлду.

Ушул айдын башында аталган айылдын төрт тургуну ылаңдаган бодо мал союп жатканда күйдүргү жуктуруп алганы белгилүү болгон.

Айыл чарба министрлиги ушул тушта аталган айылда күйдүргү менен ылаңдаган мал-жан жок экенин билдирүүдө.

Ольгинка кыштагы Нур-Султан шаарынын 80 чакырым аралыкта жайгашкан. Социалдык тармактарда күйдүргүгө байланыштуу соңку окуя тууралуу тиешелүү органдар жетиштүү маалымат бербей, тиешелүү чара көрүлбөй жатканы тууралуу сын-пикирлер көп айтылып жаткан.

Казакстанда малдан күйдүргү оорусун жуктуруп алган учурлар дээрлик жыл сайын катталат.

XS
SM
MD
LG