Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

Киевде Зеленский менен Нетаньяху кездешти


Владимир Зеленский менен Биньямин Нетаньяху. Киев, 19-август, 2019-жыл.
Владимир Зеленский менен Биньямин Нетаньяху. Киев, 19-август, 2019-жыл.

Бүгүн, 19-августта Украинанын борбор шаары Киевде президент Владимир Зеленский Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолукту.

Зеленский Нетаньяхуга Украинанын бүтүндүгүн колдогону үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Голодомор окуяларында украин эли геноцид болгонун таанууга чакырды.

Нетаньяху өз кезегинде Зеленскийге эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланышты чыңдоого умтулганына рахмат айтты жана эркин соода аймагын кеңейтүүгө убада берди. Ал Зеленскийди Иерусалимге келип кетүүгө чакырды.

Жолугушууда эркин соода-сатык, пенсиялык камсыздоо, Украина менен Орусиянын сүйлөшүүлөрүндө Израилдин ортомчулугу өңдүү маселелер башкы тема болмокчу.

Украинанын президенти Израил менен эркин соода аймагын түзүү тууралуу мыйзамга 6-августта кол койгон. Израил тарап мындай документти 17-сентябрдагы парламенттик шайлоодон кийин ратификациялай турганын билдирген.

Украинага 20 жылдан бери Израилдин өкмөт башчылары келе элек болчу.

XS
SM
MD
LG