Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

31 калктуу конушка айыл статусу берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштарына айыл статусу берилди. Буга байланыштуу мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ага ылайык, Баткендин сегиз, Нарындын беш, Оштун 16, Таластын эки калктуу конушу айыл категориясына кирди.

Жогорку Кеңеш аталган мыйзамды 2019-жылдын 26-июнунда кабыл алган.

Эгер аталган калктуу конуштарга айыл макамы берилсе, айыл башчылары дайындалып, бир катар жергиликтүү маанидеги социалдык-экономикалык маселелердин чечилишине өбөлгө түзүлөрү айтылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG