Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:34

Бабанов Финполго сурак берип чыгып, эртеңкиге УКМКга чакырылды


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

19-августта «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финполиция) беш сааттай сурак берип чыкты. Ал «Кыргызстан» коммерциялык банкы тууралуу сурак бергенин айтып, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка жагдайларды ачыкка чыгара албай турганын билдирди. Бабанов суракта тергөөчүлөрдүн сылык-сыпаа мамилесин белгиледи. Ал 20-августка Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылганын кошумчалады.

Быйыл апрелде «Кыргызстан» коммерциялык банкына байланыштуу кылмыш иштерин териштирүү жанданганы белгилүү болгон. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат 11-апрелде аталган банктын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары, Бабановдун жакын тууганы Жаныбек Мырзабаевди бир канча саат суракка алган. Бабановдун тарапкерлери бул жагдайды «каралоо», алардын «лидерин өлкөгө келтирбөө» аракети катары баалашкан.

Азырынча Финполиция Өмүрбек Бабанов кайсы берене боюнча сурак берип жатканын тактай элек.

УКМКнын буга чейинки маалыматына караганда, Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын 8-августта эскерткен.

Бабанов 2017-жылдагы шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Президенттик шайлоодон кийин Орусияга чыгып кеткен.

Ал 9-августта Москвадан Бишкекке учуп келип, аба майданынан тосуп алган тарапкерлерине «мен дайыма мыйзам жолунда жүрөм» деп билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG