Линктер

бейшемби, 19-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 18:31

УКМКда Атамбаевдин бөгөт чарасын узартуу маселеси каралат


Алмазбек Атамбаев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын узартуу боюнча тергөөнүн арызын карайт. Анын адвокаты Замир Жоошев «Азаттыкка» сот Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында бүгүн, 20-августта саат 9:00дө өтө турганын билдирди.

Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Биринчи май райондук соту аны 26-августка чейин камакта кармоо тууралуу чечим кабыл алган. 16-августта Бишкек шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырган. Сот УКМКнын имаратында өтүп, адвокаттан башка жакындары, тарапташтары киргизилген эмес.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (9)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG