Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:59

«Ынтымактуу короо» иш-чарасы өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Аламүдүн районундагы Арчалы айылында аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына арналган «Ынтымактуу короо» аттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматы кабарлады. Балдар арасындагы достукту, сабырдуулук менен өз ара түшүнүшүүнү арттыруу максатында уюштурулуп жаткан жөрөлгө маданий, спорттук иш-чаралар, мелдештер менен коштолот.

«Ынтымактуу короо» долбоору 2015-жылдан бери иштеп келатат. Анын алкагында балдар аянтчалары ачылган.

Шаардык кеңештин басма сөз кызматы бул ирет өнөктүк депутат Алмазбек Улановдун колдоосунда уюштурулганын, 120 балага майрам тартууланарын маалымдады.

Элет жерлеринде «Ден соолук кербени», Бишкек шаарында «Ынтымактуу короо» долбоорлору парламенттик шайлоо маалында башталып ишке ашырылганы маалым. Анын алкагында айрым короолор оңдолгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG