Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Сот мурдагы судья Жаркееванын ишин карайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Биринчи май райондук соту мурдагы судья Элвира Жаркеевага байланыштуу соттук териштирүүнү улантат. Бул тууралуу аталган соттун өкүлдөрү кабарлашты. Өткөн соттук отурумда Бишкек шаарындагы Элебаев көчөсүндөгү №2 көп кабаттуу үйүндө батир сатып алууга катышкан төрт күбө суралган.

Бул кылмыш иши боюнча сот отуруму 16-июлда башталган.

Башкы прокуратура март айынын соңунда Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Элвира Жаркеевага айыптоочу бүтүмдү бекиткен. Ага ылайык, Жаркеева «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Алдамчылык», «Коррупция» жана «Атайылап адилетсиз чечим чыгаруу» беренелери менен айыпталууда.

Тергөөнүн божомолу боюнча, Элвира Жаркеева кылмыш тобу менен келишип алып, жеке ишканалардын биринин мүлкүн өзүнө алыш үчүн бир катар мыйзамсыз чечимдерди чыгарган.

2016-жылдын 15-августунда ал ири өлчөмдөгү акча өндүрүп алуу тууралуу мыйзамсыз толтурулган арызды канааттандырып, кытай жаранынын кызыкчылыгын коргогон чечим чыгарган.

Сотко Жаркеева менен бирге Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рустам Маманов жана ишкер Рустам Воинов да айыпталууда. Алар кытай ишкерлери менен жер талашка байланыштуу былтыр майда кармалган.

Кийинчерээк Жаркеева да дал ушул кытай ишкерлеринин иши боюнча камалганы белгилүү болгон.

Бул факт боюнча Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку соттун судьяларына, жалпысынан жети кишиге «Коррупция» беренеси боюнча айып коюп, кылмыш ишин козгогон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG