Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Путин менен Макрон Украина боюнча саммит өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады


Владимир Путин менен Эммануэл Макрон.
Владимир Путин менен Эммануэл Макрон.

Франция менен Орусиянын президенттери Эммануэл Макрон менен Владимир Путиндин жолугушуусу өлкөнүн түштүгүндөгү Брегансон жайкы резиденциясында өттү. Анда Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен Москвага ыктаган жикчилдердин ортосундагы куралдуу кагылышты токтотуу маселесине көңүл бурулду.

Макрон менен Путин алгач ирет 2017-жылы Париждин четиндеги Версаль сарайында кезиккен.

Эки президенттин сүйлөшүүсү дээрлик 3,5 саатка созулуп, Сириядагы жарандык согуш, Ливиядагы кырдаал, Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишим жана Украина маселеси боюнча төрт тараптуу саммит өткөрүүнүн «келечеги» тууралуу сөз болгонун Орусиянын маалымат агенттиктери жазышты.

Биргелешкен басма сөз жыйынында Владимир Путин Украинадагы чатакты токтотуш үчүн Франция, Германия, Украина жана Орусия катыша турган, норманд форматындагы сүйлөшүүлөрдү колдой турганын билдирди. Бирок ал украин президенти Владимир Зеленский менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүү «этият оптимизмге» шарт түзгөнүн белгиледи.

Макрон Орусияны сөз эркиндигин жана демократиялык принциптерди сыйлоого чакырды. Ал Франциядагы нааразылык акциялары зомбулук менен коштолгонун айткан Путиндин сөзүнө жооп берди.

- Чындыгында көптөгөн полиция кызматкери жабыркады. Бул тынчыздандырбай койбойт. Бирок Франция жалаң эле өзүнүн Конституциясын эмес, Адам укуктары боюнча Европа конвенциясын да сактап келет. Франция Европа сотунун чечимдерин дайыма аткарат, - деди Макрон. Ошол эле кезде ал оюн эркин билдирүү менен коомдук тартипти сактоо маселесин чаташтырбаш керек экенин белгиледи.

Макронго жооп кайтарган Путин Москвадагы митингдер тууралуу биринчи жолу үн катты:

- Жарандар мыйзамга ылайык тынч жыйындарды, нааразылык акцияларын өткөрүүгө укуктуу, бийлик болсо ал укуктарды камсыз кылып берүүгө милдеттүү. Бирок бийлик да, кайсы бир жарандардын топтору да мыйзамды бузуп, кагылышууга алып барбашы керек. Бул мыйзам бузуу болуп эсептелет, аны бузгандардын баары күнөөлүү жана алар Орусиянын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышы зарыл.

Путин Москва шаардык кеңешине талапкерлердин катталбай калганы боюнча пикирин билдирип, «алар шайлоо мыйзамдарын бузганы үчүн четтетилди» деп айтты. Ал Борбордук шайлоо комиссиясы менен болгон талаш сот аркылуу чечилиши керек экенин кошумчалады.

Ушул айдын башында Украинанын президенти Владимир Зеленский Владимир Путинге телефон чалып сүйлөшкөнүн, анда Донбасстагы жикчилдерге таасир этүүнү суранганын айткан.

Бул аймакта 2014-жылдан берки куралдуу кагылыштарда 13 миңден ашуун адам өлдү.

XS
SM
MD
LG