Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:42

Ооганстандын эгемендик майрамында бир нече жардыруу болду


Ооганстан эгемендигинин 100 жылдыгын белгилеп жаткан учурда бир нече жерде жардыруу болуп, ондогон киши жараат алды. 19-августта өлкө чыгышындагы Жалалабад шаарында ондой жардыруу болду. Андан бери дегенде 52 киши түрдүү жарадар болгонун Нангархар провинциясынын жетекчилиги билдирди. Айрым маалыматтар боюнча жардырууда каза болгондордун саны 66 кишиге жетти.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, азыраак жараат алган бир нече тургун дарыгерлердин кароосунан кийин үйлөрүнө жөнөтүлдү. Жалалабаддагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өзүнө ала элек.

Эгемендик майрамы Лагман, Мехтарламе провинциясында да үзгүлтүккө учурап, жергиликтүү бийлик атышууда алты киши жарадар болгонун кабарлады.

- Биз ар бир жарандын төгүлгөн каны үчүн өч алабыз, - деп билдирген президент Ашраф Гани «Ислам мамлекети» тобун жок кылууга убада берди.

17-августтун кечинде Кабулдун негизинен шииттер отурукташкан аймагында жайгашкан мейманканалардын биринде үйлөнүү тоюнда жардыруу болуп, 60тан ашун киши курман болгон.

XS
SM
MD
LG