Быйыл Кыргызстанда пахтанын баасы чечиле элек. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, түшүм жана сатуу боюнча байкоо иштери аягына чыга элек.
Кыргызстанда пахтаны негизинен жеке жана эл аралык уюмдар сатып алып, бааны да ошолор чечет. 2018-жылы ак алтындын бир килограммы 40-45 сомдун тегерегинде сатылган. Дыйкандар чыгымды акташ үчүн баа бери дегенде 50 сомдон жогору болушу зарыл экенин айтып келишет.
Пахта негизинен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында эгилет. Быйыл 24 400 гектар жерде ак була аянты бар.
Кыргызстанда пахта аянттары 20 жыл мурдагыдан эки-үч эсеге азайган. Мурда 80 миң гектардан ашуун жерге эгилип, 200 миң тоннага чейин ак алтын жыйналган. Түшүм жергиликтүү жана чет элдик компаниялар аркылуу Түркия, Кытай, Орусияга сатылат.
Пахта колдо терилет, талаада негизинен аялдар иштейт. (SE)