Кыргызстандагы Жеңиш чокусунда дайыны чыкпай калган казак альпинисттерин издөө уланып жатат. Үч киши Тянь-Шань тоо кыркасында жайгашкан чокуда 18-августта жоголгонун жакындары маалымдашты. Баштапкы кабарларга ылайык, алардын бирөө каза болгон.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги альпинисттерди «Ак-Сай Тревел» компаниясынын адистери издеп жатканын билдирди. Издөө иштерине 19-августта казакстандык адистер да кошулган.
Жоголгондордун аты-жөнү - Мурат Отепбаев, Андрей Корнеев жана Александр Чечулин.
Жеңиш чокусунун бийиктиги 7439 метр.