Орусияда жол кырсыгына кабылган төрт кыргызстандыктын үчөөнүн абалы өтө оор. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.
Элчиликтин маалыматына караганда, окуя 17-августта Мытищи шаарында болгон. Кыргызстандык жаран катуу ылдамдыкта айдап бараткан автомашина жолдун боюндагы жүк ташуучу машинени сүзгөн. Айдоочу жана машинанын ичиндеги үч кыргыз жараны ооруканага жеткирилген. Айдоочунун абалы дурусураак болгондуктан ал жалпы травматология бөлүмүнө которулду, калгандары реанимацияда.
Элчиликтин кызматкерлери жабыркагандардын туугандары менен жолугуп, тиешелүү маалыматтык жардамын беришти.
Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө чет жакта мигрант болуп жүрөт. Элчи Аликбек Жекшенкулов «Азаттыкка» алардын көбү, 1 миллион 200 миңи Орусияда экенин билдирди. Элчинин айтымында, алардын 500 миңдейи орус жарандыгын алган. (RK)