Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:22

«Дүйнө мырзасы» сынагына ырчы Даниел Бегалиев катышууда


Даниел Бегалиев.
Даниел Бегалиев.

Филлипиндерде өтүп жаткан «Дүйнө мырзасы - 2019» сынагына Кыргызстандан ырчы Даниел Бегалиев катышууда. Августтун башында башталган сынактын финалы 23-августта болот.

1996-жылдан бери уюштурулуп келаткан «Дүйнө мырзасы» сулуулук таймашына быйыл ар кайсыл мамлекеттерден 80 жигит катышууда.

Даниель Бегалиев улуттук тандоодо жеңип чыгып, жолдомо алганын, Кыргызстан бул сынакка алгач ирет катышып жатканын билдирди.

Улуттук сынак кайда өткөнү жана аны ким уюштурганын «Азаттык» азырынча тактай алган жок.

XS
SM
MD
LG