Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Кара-Балтадагы спирт заводу Орусиядан 2 млн. доллар инвестиция алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Балта шаарындагы спирт заводу Орусиянын ири алкоголдук компанияларынын биринен каржылык жардам алат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фонду кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасындагы өндүрүштү кайра жөнгө салуу боюнча инвестициялык долбоор тууралуу макулдашуу быйыл май айында кабыл алынган. Ага Татарстандын «Татспиртпром» жана Кыргызстандын «Балыкчы Алко Трейд» компаниялары кол койгон.

Макулдашуунун негизинде июль айында «Балыкчы Алко Трейд» Кара-Балтадагы завод менен келишим түзгөн. Инвестициялык долбоор алкагында спирт заводу жаңыланып, даяр өндүрүм чыгарыла баштайт.

Беш жыл ичинде бөлүнүп бериле турган инвестициянын жалпы суммасы 2 миллион доллар болот.

Кара-Балта заводу совет учурундагы алдыңкы ишканалардын бири болчу. Кийин аны модернизациялоого бир нече жолу аракет көрүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG