Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:50

Москва АКШны «аскердик чыңалууну күчөтүп жатат» деп айыптады


Кошмо Штаттар 2-августта учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү ракеталарды жасоого тыюу салган, Орусия менен 1987-жылы түзүлгөн келишимден расмий чыккан.
Кошмо Штаттар 2-августта учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү ракеталарды жасоого тыюу салган, Орусия менен 1987-жылы түзүлгөн келишимден расмий чыккан.

Москва Кошмо Штаттарды «ушул айдын башында Орусия менен түзүлгөн ракеталык келишимден чыккандан бери биринчи канаттуу ракетасын сынап, аскердик чыңалууну күчөтүп жатат» деп айыптады.

Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков 20-августта Калифорнияда канаттуу ракетанын сыноодон өткөрүлгөнүнө «өкүнөрүн билдирген». Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.

- АКШ чындап аскердик чыңалууну курчутууга багыт алгандай. Биз мындай чагымга жооп бербейбиз, - деди Рябков.

Кошмо Штаттар 2-августта учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана жерде жайгаштырылуучу канаттуу, ошондой эле баллистикалык ракеталарды жасоого тыюу салган, Орусия менен 1987-жылы түзүлгөн келишимден расмий чыккан.

АКШнын Коргоо министрлиги 19-августта билдиргендей, Калифорниядагы Сан-Николас аралында учурулган ракета 500 чакырымга чейин барып, бутага таамай тийген.

Пентагон белгилегендей, бул жаңы куралды сыноого Кошмо Штаттар менен Орусиянын ортосундагы Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу келишим жокко чыгарылгандан кийин мүмкүн болду. Ага чейин бул ракеталардын учуу аралыгы аталган келишимдин шарттарына каршы келчү.

XS
SM
MD
LG