АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Дэвид Хейл 20-23-августта Борбор Азия мамлекеттеринде жумуш сапары менен болот. Анын алкагында 21-августта Нур-Султан шаарында Борбор Азиядагы беш мамлекеттин тышкы иштер министрлери менен жогорку деңгээлдеги жыйынга катышат. С5+1 форматындагы жыйында Дэвид Хейл Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен жолугушуу өткөрөт.
«Алар Борбор Азиядагы коопсуздук, өнүгүү жана эки тараптуу кызматташтыкты өркүндөтүү маселелерин талкуулашат» деп кабарлады АКШнын Мамлекеттик департаменти 19-августта.
С5+1 форматы 2015-жылы АКШ менен Борбор Азиянын беш мамлекетинин ортосунда экономикалык интеграцияны өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, коопсуздук маселелерин биргелешип чечүү максатында түзүлгөн.
Казакстандан кийин АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Дэвид Хейл Өзбекстанга барат. Ал Өзбекстанда тиешелүү кызмат адамдары менен жолугушуп, коопсуздук, билим, соода-сатык жаатындагы кызматташтык маселелерин талкууламакчы.