Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Чырдан улам токтогон Бишкек-Дели авиакаттамы кайра ишке кирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

22-августтан тартып Бишкек-Дели-Бишкек багытында кайрадан учак каттай баштайт. «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей, каттамды дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү «Avia Traffic» компаниясы «Boeing 737» учагында аткарат.

Индия менен Пакистандын аба мейкиндигине байланыштуу чырдан улам 2019-жылдын февралында каттам токтотулган. Ага Исламабад өз аймагынан Индияны көздөй учкан учактарга тыюу салганы себеп болгон.

«Avia Traffic» компаниясынын жетекчиси Алик Аскаров «Азаттыкка» азыр андай тыюу жок экенин, учак мурдагы эле аба жолу менен уча берерин билдирди.

Эки шаардын аралыгы учак менен каттаганда 2 саат 50 мүнөт. (SE)

XS
SM
MD
LG