Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Жээнбеков банктарды аймактык ишкерлерди кызуу колдоого чакырды


Президент өткөргөн жыйын. 20-август, 2019-жыл.
Президент өткөргөн жыйын. 20-август, 2019-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков насыя берген мекемелерди аймактарга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды.

Бүгүн мамлекет башчысы Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, «Кепилдик фондунун», «Айыл Банктын» жана «РСК Банктын» жетекчилерин кабыл алды.

- Өлкөнүн негизги финансы институттары болгон сиздер аймактардын, айылдарыбыздын өнүгүшүнүн кыймылдаткычы болуп эсептелесиздер. Аймактык ишкерлерди колдоп, алардын долбоорлорун жигердүүрөк каржылагыла, - деди Жээнбеков.

Ошондой эле ал жаӊы ишкерлердин «старт-ап» долбоорлорун каржылоо, санарип технологиялар аркылуу насыяны тез берүүнү камсыз кылуу зарыл экенин белгиледи.

Аталган төрт финансылык мекеме жыл башынан бери 17,5 миллиард сомдук насыя бергени маалым болду.

Быйылкы жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG