Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:39

Футболчу Алимардон Шукуров Түркиянын биринчи лигасында ойнойт


Алимардон Шукуров.
Алимардон Шукуров.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Алимардон Шукуров Түркиянын биринчи лигасында ойногон «Болуспор» футбол клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы кабарлады.

Маалыматка караганда, Шукуров «Болуспор» футбол клубу менен эки жылга келишим түзгөн. Учурда футболчу 20 жашта.

Алимардон Шукуров - канттык «Абдыш-Ата» футбол клубунун тарбиялануучусу. Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн жана жаштардын курама командалардн катарында бир катар эл аралык мелдештерде ойногон.

2017-жылы 18 жашында улуттук курама командага чакырылып, эң жаш оюнчу катары Кыргызстан – Макао беттешинде оюнга чыккан. (GT)

XS
SM
MD
LG