Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:48

Казак өкмөтү кымбатчылыкты Орусиядагы инфляция менен байланыштырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда сарымсак, картөшкө, күрүч жана биринчи сорттогу ундун баасы кымбаттады. Бул тууралуу 20-августта улуттук экономика министри Руслан Даленов айтты. Министрлик кабарлагандай, сарымсак 79 пайыз, картөшкө 32,9 пайыз, күрүч 23,8 пайыз, биринчи сорттогу ун 14,3 пайыз кымбаттаган. Министр азык-түлүктүн базар баасы менен дүкөндөрдөгү баасы кыйла айырма болуп жатканын да кошумчалады. Бийликтин маалыматына караганда, баа Нур-Султанда көбүрөөк кымбаттаганы байкалган.

Соода жана интеграция министри Бакыт Султановдун сөзүнө караганда, системалык өндүрүштүн жоктугунан, далдалчылардын көптүгүнөн, сактоо шарттары сакталбагандыктан улам азык-түлүктүн баасы кымбаттаган. Министр кымбатчылыкка Орусиядагы экономиканын таасири да тийип жатканын кошумчалады.

- Евразия Экономикалык Биримдигиндеги орток баага шайкеш келтирүү да буга таасир этип жатат. Орусияда баа көтөрүлгөндүктөн бизде да кымбатчылык болуп жатат, - деди ал.

Өкмөт инфляцияны 4-6 пайыздын деңгээлинде кармаш үчүн азык-түлүктүн он түрүнүн баасын көзөмөлдөөгө убада берди. Июль айынын жыйынтыгы боюнча Казакстанда инфляция 5,4 пайызды түздү.

XS
SM
MD
LG