Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:26

Иранда иттерге аяр мамиле кылууну талап кылган акция өттү


Иран.
Иран.

Жаныбарларга аяр мамиле кылууну талап кылган активисттер Ирандын борбору Тегеранда нааразылык акциясын өткөрүштү. Мэриянын жанындагы иш-чара шаар бийлиги жолбун иттер сайылган уколдон кыйналып өлүп жатканы тартылган видео-сүрөттөрдү жарыялагандан кийин уюштурулган. Активисттердин айтымында, жолбун иттер кислота сайылып өлтүрүлгөн. 19-августтагы акцияда полиция бир канча кишини кармады.

Иттердин таш боордук менен өлтүрүлүп жатканы тартылган видео-сүрөттөрдүн жарыяланышынан улам активисттер бийликти жаныбарларды коргоо тууралуу мыйзам кабыл алууга чакырууда.

Ал эми шаар бийлиги болсо Интернетке чыккан видеолор эки жыл мурда тартылганын билдирди. Тегерандын мэри Пируз Ханачи 19-августта «Твиттерге» ага мыйзам бузулган учурлар тууралуу кабарлашкандан кийин бул ишке жооптуу адамдар жумуштан бошотулганын жазды.

Акыркы кезде жаныбарларга аяр мамиле кылууну талап кылган активисттер бир канча коомдук акция өткөрүп, иттерге жана башка жан-жаныбарларга адамгерчилик менен мамиле кылууну талап кылып келе жатышат. Иранда жолбун иттер үчүн уюштурулган атайын жайлар бар.

XS
SM
MD
LG