Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

ИИМ: Карамушкина айткан жаран аңчылыкта каза болгон


Ички иштер министрлиги.
Ички иштер министрлиги.

Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Кой-Таштагы окуялар учурунда күч кызматкерлеринин ур-токмогунан каза болгонун айткан Миржан Курманбек уулу аттуу жигит тууралуу маалымат берди. Министрлик бул боюнча иликтөө жүргүзүп, 24 жаштагы Курманбек уулу Суусамыр өрөөнүндө, мергенчиликке барганда каза болгонун аныктады.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Миржан Курманбек уулу 8-августта өзүнө катталган 12-калибрдеги курал менен атасынын атын алып, Суусамыр өрөөнүнө мергенчиликке чыккан. 9-август күнү мергенчилик учурунда кокустуктан өзүнүн бутуна атып алган. Аны ооруканага жеткирүү убактысы көпкө созулуп, көп кан жоготкон Миржан жолдон каза болгон.

Карамушкина «Фейсбуктагы» жеке баракчасына Кой-Таштагы окуялар учурунда күч кызматкерлеринин ур-токмогунан 24 жаштагы Курманбек уулу Миржан аттуу жигит каза болгону тууралуу кабар укканын жазган жана ошол күндөрү жабыркагандарды коркпостон сотторго, эл аралык уюмдарга кайрылууга үндөгөн.

Саламаттык сактоо министрлиги Курманжан уулу Миржан деген адам тууралуу эч кандай маалымат жок экенин да билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинанын айткандарын «далилсиз маалымат жайылтуу аркылуу коомчулукту алдоо» деп баалаган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамабевди 7-8-августта Кой-Таштагы үйүнөн кармоо операциясы учурунда жүздөн ашуун адам жабыркаганы, бир офицер каза тапканы расмий айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG