Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

Өмүрбек Бабанов УКМКга сурак берип чыкты


Бабанов УКМКга сурак берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00

Өмүрбек Бабанов УКМКга сурак берди, 20-август, 2019-жыл.

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) беш сааттай сурак берип чыкты. Ал шайлоо маалында Он-Адырдагы билдирүүсүнө байланыштуу күбө катары чакырылган. Саясатчы сурак берип чыккандан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип, Он-Адырда элди бириктирүү максатында гана сөз сүйлөгөнүн айтты:

- Азыр сурак Он-Адыр боюнча эле болуп жатат. Ал эми «бийликти басып алууга аракет кылган» деген боюнча ага кандайдыр бир кадамдар, чакырыктар болуш керек. Анын баары Интернетте бар, толугу менен көрүп, тыянак чыгарсаңар болот. Мыйзам түрүндө бардык иштер жазылат деп ойлойм, менин күнөөм жок.

Бабанов 21-августка Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция), жума күнү кайра УКМКга суракка чакырылганын кошумчалады.

Башкы прокуратура 2017-жылдын 28-сентябрында ошол кезде президенттикке талапкер катары үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн Бабановдун Ош шаарынын Амир-Темир кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал УКМКга ошол иштин алкагында күбө катары суракка чакырылды. Мындан тышкары ага карата «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш ачылган.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Утулуп калгандан кийин Кыргызстандан чыгып кетип, 9-августта кайтып келди.

19-августта Бабанов Финансы полициясында «Кыргызстан» банкы боюнча сурак берип чыкты. Быйыл банкка байланыштуу кылмыш иштерин териштирүү жанданганы белгилүү болгон. (КЕ/BTo)

XS
SM
MD
LG