Орусиянын Архангелск облусундагы Нёнокса аскердик полигонундагы жарылуудан кийин токтоп калган радиациянын деңгээлине байкоо жүргүзгөн эки станция кайрадан иштей баштады. Бул туралуу Өзөктүк куралдарды сыноого тыюу салуу жана аны көзөмөлгө алуу боюнча уюмдун аткаруучу катчысы Лассина Зербо «Твиттерге» жазды.
8-августтагы жарылуудан кийин өзөктүк сыноолорго байкоо жүргүзгөн эл аралык түйүндүн курамына кирген орусиялык төрт станция иштебей калганы кабарланган. «The Wall Street Journal» журналына пикирин билдирген талдоочулар муну орус бийлигинин жарылуунун чыныгы себептери тууралуу маалыматты жашыруу аракети болушу мүмкүн деген ойлорун айтышкан.
Орусиянын Архангелск облусунун Нёнокса аскер полигонундагы ийгиликсиз ракеталык сыноодо беш кызматкер каза тапкан. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жарылуудан 30 мүнөт өткөн соң андан 40 чакырым чыгышта жайгашкан Северодвинск шаарында радиация тараганы байкалганын айтып, бирок ал ден соолукка эч кандай зыян келтирбей турганын билдирген.
Росгидромет жарылуу болгон күнү радиациялык фон 16 эсе жогорулаганын, бирок кийин калыбына келгенин кабарлаган.
Америка тарап Орусия өзөктүк кыймылдаткычы бар жана өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө ыңгайлашкан канаттуу «Буревестник» ракеталарын сынаган деген пикирде турат.
Коргоо министрлиги да, Росатом да сыноо учурунда жарылып кеткен ракетанын түрүн ачыкка чыгарган жок.
Орус президенти Владимир Путин 19-августта Францияда президент Эммануэл Макрон менен жолуккан учурда аскер базасындагы жарылуудан эч кандай коркунуч болбогонун, радиациянын фону да жогору көтөрүлбөгөнүн айтты.