Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:32

ИИМ Бекназаровдун Атамбаев менен байланышына кызыкты


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) саясатчы Азимбек Бекназаровдон мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен акыркы жолу качан жолукканына кызыкты. Бул тууралуу Бекназаров “Азаттык” радиосуна 21-августта билдирди:

- Кечээ Тергөө башкармалыгына барып сурак берип келдим. Күбө катары деп чакырышты. Мен “Окуяга катышпасам, көрбөсөм, эмнеге күбө болом?” дедим. Берген суроолоруна жооп бердим.

Бекназаров ИИМдин Тергөө башкармалыгында эки сааттан ашык убакыт болгонун айтты.

Ички иштер министрлиги Бекназаров 7-8-августтагы окуяларга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш боюнча күбө катары чакырылганын, ал тергөө купуялуулугу тууралуу документке кол коюп бергенин тастыктады.

Быйыл 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоо операциясы өткөрүлгөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) бир офицери каза таап, 130дан ашуун адам жараат алган.

Атамбаевге бир нече айып тагылды, азыр ал УКМКнын тергөө абагында отурат.

Буга чейинки интервьюларынын биринде Бекназаров Атамбаевди камакка албай, үй камагына чыгаруу зарыл экенин белгилеген. (KE)

XS
SM
MD
LG