Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Камерунда уурдалган деңизчилер аман экени маалымдалды


«Мармалайта» жүк кемеси.
«Мармалайта» жүк кемеси.

Камерун жээктеринде белгисиз бирөөлөр уурдап кеткен «Мармалайта» кемесинин экипажы аман-эсен. Бул тууралуу кеменин ээсине байланышка чыккан каракчылар тобу маалымдаганы айтылууда.

Орусиянын «Деңизчилер кесиптик бирикмеси» кабарлагандай, каракчылар барымтага алган сегиз деңизчинин төртөө филиппиндик, үчөө орусиялык, бири украиналык.

ТАСС агенттиги жазганына караганда, каракчылар барымтага алынгандарды бошотуш үчүн канча акча сураганы белгисиз. Камерундун жетекчилиги каракчылар байланышка чыкканы жөнүндө маалыматты тастыктай элек.

«Новости» агенттиги уурдалган деңизчилер Нигерияда кармалып турган болушу мүмкүн экенин жазды.

Германиялык компанияга таандык «Мармалайта» жүк ташуучу кемесине 15-августта Дуала портуна жакын жерде кол салышкан. Ал Антигуа жана Барбудинин байрагы менен сүзүп жүргөн.

XS
SM
MD
LG