Линктер

бейшемби, 19-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 18:30

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси алмашты


Өкмөткө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Ренат Түлебердиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Түлебердиевдин ордуна бул мекемеге жетекчи болуп Жылдызбек Исакулов дайындалды. Исакулов 2015-жылы өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеген. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG